Банктык картаңызга акча түшсө шашпаңыз! Алдамчылыктын дагы бир түрү тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды мыйзамсыз колдонууга каршы күрөштү уюштуруу боюнча башкармалыгы шылуундардын жаңы схемалары тууралуу айтып берди.
Маалыматка караганда, алар жарандардын банктык картасына атайылап акча которушат. Кийин байланышка чыгып акчаны адашып салып алышканын, каражатты анын картасына жөнөтүүнү суранышат. Оюнда кири жок адам өтүнүчтү аткаргандан кийин акчанын "чыныгы" ээсимин деген башка киши байланышка чыгып каражатты талап кыла баштайт.
Эгер банктык картага акча түшүп калса төмөнкү кадамдарды жасоо сунушталат:
мобилдик колдонмоңуз же онлайн-банкинг аркылуу балансыңызды текшерип, акча чындап эсебиңизге түшкөнүн текшериңиз. Анткени акча чегерилип жаткандыгы тууралуу билдирүү жалган болушу мүмкүн;
күтүүсүз келген акча жөнүндө банкыңызга дароо билдириңиз;
жагдайлар такталганга чейин алынган каражатты пайдаланбаңыз;
эгер жөнөтүүчү акчаны башка реквизиттерге кайтарып берүү өтүнүчү менен байланышса макул болбоңуз. Бул алдамчылык схемасы болушу мүмкүн (мисалы, акча "террористке" которулган деп шантаж кылуу, уурдалган акчаны сиздин картаңыз аркылуу адалдоо);
Каражатты кайтаруу операциялары сиздин банк аркылуу жүргүзүлүшү керек;
сиз менен байланышкандардын чалууларын жана каттарын сактап коюңуз.
Акчаны кайтара албайбыз. УКМК кармаган MCN Coin уюштуруучусу элге кайрылды. Видео