БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекке мамлекеттик сапар менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келет.
Президенттик администрациядан билдиришкендей, сапар 12-13-мартка белгиленген.
ЖКККББ Рахмондун келишине байланыштуу айрым жолдордо чектөөлөр киргизилерин билдирип, аларды тизмектеди:
"Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чек арасына чейин;
Фучик көчөсү, Бишкек шаарынын чек арасынан Чүй проспектине чейин;
Чүй проспекти, Фучик көчөсүнөн Манас проспектине чейин;
Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү, түштүк багытта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейин;
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин.
ЖКККББ айдоочуларды көрсөтүлгөн жол тилкелеринде унааларды токтотпоого чакырды.