Бишкекте жол чырактар жаңыланып, заманбап система орнотулат

Бишкектеги жол чырак. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте жол чырактар жаңыланып, заманбап система орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муниципалитет "Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы" долбоорун кеңейтүүдө.
"Шаардын транспорт системасын модернизациялоо долбоорунун концепциясы иштелип чыгууда. Демилгенин негизги максаты — борбор калаадагы эскирген жол чырактарды жаңылоо жана заманбап автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, мэрия жол чыракты автоматташтыруу боюнча россиялык "Информтехтранс" жана "Интегра" компаниялары менен кызматташып жатканын белгиледи.
"Учурда Анкара менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак системалары жаңыртылып, видеокөзөмөл орнотулду. Жакында тиешелүү адистердин келиши күтүлүүдө, алар "акылдуу жол чырак" долбоорун ишке киргизүүгө катышат", — деп жазылган маалыматта.
Долбоордун алкагында тыгындарды жана ышты азайтуу, жол коопсуздугун жогорулатуу пландалып жатканы кошумчаланды.
Акылдуу жол чырак орнотуп жаткан киши. Архив
Бишкекте "Акылдуу жол чырак" долбоорун РКФРдин эсебинен ишке ашыруу пландалууда