БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте Чүй проспектинин Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдырахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү 6-8 айга жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шопоков көчөсүн масштабдуу реконструкциялоо иштери 31-мартта башталмакчы. Аталган аймакка жер алдынан өтмөк жана унаа токтотуучу жай курулат.
Буга байланыштуу № 5, 34, 38, 50, 152, 166 жана 222 автобус Фрунзе көчөсү менен жүрсө, №7, 11, 25, 36, 129, 169, 216, 227, 254 автобустары Киев көчөсү аркылуу өтөрү айтылды.
Эске салсак, курулушту экс-мэр Нариман Түлеевдин "Ташболот Холдинг" компаниясы каржылайт. Мэрия жерди ага 49 жылга ижарага берген.