АКШ USAID программаларынын 83 пайызын жаап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. АКШ алты жумалык текшерүүдөн кийин Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) программаларынын 83 пайызын расмий жаап жатат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио X социалдык тармагына жазды.
Анын айтымында, USAID АКШнын кызыкчылыгына жооп бербеген максаттарга ондогон миллиард доллар короткон.
"Учурда иши токтотулуп жаткан 5 200 келишим АКШнын негизги улуттук кызыкчылыктарына жооп бербейт. Тескерисинче, ондогон миллиард долларларды сарптап зыян келтирген", — деди Рубио.
Ал калган миңге жакын программа Мамлекеттик департаменттин көзөмөлүндө натыйжалуу ишке ашырыларын белгиледи.
Белгилей кетсек, АКШда USAID уюмунун келечеги катуу талкууга алынууда. Буга чейин мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу департаментинин жетекчиси болуп дайындалган Илон Маск USAID уюмун биротоло жоюуга аракет көрүп жатканы айтылган. Миллиардер агенттикти Американы жек көргөн солчул марксисттердин уюгуна айланган кылмыштуу уюм деп атаган.
USAID 2019-жылы Зеленскийдин жеңишине таасир эткен шоуну каржылаган