12 жылдык окуу. Билим берүү министри бакалавриаттын мөөнөтү кыскарарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 12 жылдык окууга өткөндө бакалавриаттын мөөнөтү кыскарат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, бул системада балдар сөзсүз 12 жыл окууга милдеттендирилбейт.
"Кесиптик билим берүү күчтөндүрүлөт. Жогорку билим алчуларга 10-класстан баштап математика, физика, айрымдарга тил, гуманитардык дисциплиналарды тереңдетип окутуу менен профилдик сабактар киргизилет. Азыр мектептеги айрым сабактар ЖОЖго өтүп, ошол жактан дагы окутулат. Бири-бирин кайталап келген сабактар алынат. Мектептерде эффективдүү билим берүү системасы орнотулгандан кийин бакалавриаттын мөөнөтү кыскартылат. Ата-энелер бардык бала жогорку билим ала албасын түшүнүшү керек. Бирок бардыгын кесипке ээ кылып, алар да үй-бүлөсүн багып, сапаттуу жашоого мүмкүндүк берген көндүмдөрдү калыптандырышыбыз керек", — деди Кендирбаева.
Министр ошондой эле табигый так илимдерге басым жасаларын кошумчалады.
Ашык бир жыл окубайт. Министр 12 жылдык окуунун артыкчылыктарын тизмектеди