БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Айрым жерлерде эртең менен туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас өрөөнүндө +11...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл аймагында +4...+9, Нарын жергесинде +2...+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +14...+16, Ош калаасында +15...+17 градуска чейин көтөрүлөт.