Криптовалюталар келечектин акчасы деген ураан менен жашообузга кирди. Бирок анын чектелүүлүгү жана техникалык коопсуздугу тез эле колдонуучулары ойлондуруп койду. Өзгөчө каржы алдамчылары анын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн солгундугунан пайдаланып элди сызга отургузган да учурлар кездешүүдө. Бул аралыкта мамлекеттен каражатынын чыгып кетүүсүн каалабаган Кытай санарип акчасын киргизип, бул багытта бир топ тажрыйбага ээ. Ал эми Америкага кайрадан президент болуп келген Д. Трамп экономикалык жактан Кытайды биринчи атаандашы деп эсептегендиктен, криптовалюталарды колдогон саясат жүргүзөрүн ачыктады. Каржы дүйнөсү келечекте бул эки системанын ортосунда кандай өзгөрүүлөргө дуушар болот? Келечек кимдин колунда? Фиаттык системага бул өзгөрүүлөр кандай таасир этет?
Биз бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунда талкууладык.