Назгүл Каарова ийимдерге улуттук оймо-чиймелерди түшүрүп, өткөн менен учурду айкалыштырып, кыргыздын баалуулугун даңаза кылып келген дизайнер айым. Ошондой эле Кыргызстандын визиттик карточкаларынын бири болгон Айгүл гүлү менен да кийимдерди көркүнө чыгарып келет. Назгүл Каарованын өткөндүн сырын, келечектин үмүтүн ичине каткан кийимдери учурда көп суроо-талапка ээ болууда.
Дизайнер айым “Стимул” программасында конок болуп, этностилдин сырларын айтып берди.