Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Василий Беляндра — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган кезектеги кыргызстандык тууралуу баян.
Sputnik
Лейтенант Василий Беляндра 1945-жылы 5-январда Досовка (Казакстан, Костанай облусу, Денисов району) айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1930-жылдан тарта Кемин районунун Боролдой айылында (Кыргызстан) жашап, баштапкы билим алып, андан кийин темир уста болуп, комбайн айдап эмгектенген.
1941-жылдын августунда Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырылган. Ушул эле жылы сентябрдан тарта Улуу Ата Мекендик согушка кирет. Сталинград салгылашына катышып, жаракат алат. 1943-жылы Беляндра кенже лейтенанттар курсун аяктап, Воронеж фронтунун 3-танкалык армиясынын 7-гвардиялык танкалык корпусунун 23-гвардиялык мотоаткычтар бригадасынын 3-мотоаткычтар батальонунун взводуна жетекчилик кылат. Днепрди кечип өтүүдө каармандыгы менен өзгөчөлөнгөн.
22-сентябрга караган түнү душмандын пулемет, минометтон жааган огуна, артиллериялык аткылоосуна карабай Беляндра куралдаштары менен кошо Днепр дайрасын кечип өткөн. Киев облусунун Канаев районундагы Трахтемиров кыштагын бошотуп, ал жердеги плацдармын бекемдеген. Душман аларга бир нече контрчабуул жасаган. 28-29-сентябрда эле Беляндранын взводу каршы тараптын мизин жети ирет кайтарып, "Тигр" танкасынан экини жараксыз кылып, өзү жүрүүчү куралдарын жана эки ротага чукул жөө аскерлерин жок кылган.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1943-жылдын 17-ноябрында "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" кенже лейтенант Василий Беляндрага Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылат.
Аны менен катар эле кийинчерээк Кызыл Туу, Александр Невский, Ата Мекендик согуштун 1-даражасы, эки Кызыл Жылдыз ордени жана бир топ медаль менен сыйланган. Лейтенант чини менен запаска бошонот да, согушка аттанган айылы Боролдойго аман-эсен кайтып келет. Айылдагы МТСте механик болуп иштейт.
Баатыр 1967-жылы 12-мартта көз жумган. Василий Беляндранын атын Кыргызстандын Боролдой жана Быстровка айылдарындагы көчөлөргө ыйгарышкан.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Дмитрий Панфилов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры