ЕАЭБде бирдиктүү биржа мейкиндигин түзүүгө дагы бир кадам жасалды — эмнелер өзгөрөт?

Sputnik
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери бир мамлекеттин брокер жана дилерлерине уюмдун башка өлкөлөрүнүн биржалык соодалашуусуна катышууга мүмкүндүк берүү келишиминин долбоорун жактырышты. Макулдашуу биржалык операциялар үчүн бирдиктүү мейкиндикти түзүүгө шарт түзөт. Анда брокерлер менен дилерлер өз өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензиянын негизинде иштей алышат. Бул документ инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, ошондой эле ЕАЭБ биржалык аянтчаларында сатылган финансылык инструменттердин ликвиддүүлүгүн жана кызыгуусун жогорулатат. ЕАЭБдеги биржа рыногу тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Медет Назаралиев кеп кылды.