БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бүгүн, 9-мартта, өлкөдө эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта жер титирөө саат 5:21де жана 5:26да катталганы айтылат.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5га чейин сезилген.
Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга жеткен.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.