Сержант Манзус Вонахун
Ал 1907-жылдын 23-ноябрында Пишпек шаарында (азыркы Бишкек — ред.) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1920-жылдары бир туугандары менен Милянфан (Ысык-Ата району, Чүй облусу) айылына көчүп кетет. 1928-жылы совет бийлиги жер бөлүп берип, Манзус ал жерди чогуу иштетүү үчүн өзүнчө түзүлгөн топко кирет. Бул жер 1932-жылы Михаил Фрунзе атындагы колхозго айланган.
Вонахун Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясынын катарына 1942-жылдын апрель айында чакырылат. Минометчик адистиги боюнча окуп, кенже командирлер мектебин аяктайт.
Андан соң 1943-жылдын январынан тарта Жогорку башкы командачылыктын резервиндеги 12-артиллериялык дивизиянын 11-минометтук бригадасындагы 232-минометтук полкунун 4-батареясында 120 миллиметрлик минометчулар бөлүмүнүн командири болгон.
1943-жылдын 5-июлунда Курск догоосундагы салгылаш башталган. Согуш учурунда немецтик бөлүктөр 4-батареянын позицияларына кирип жана аларды курчап да алган. Айланта коргонуу уюштурган сержант Вонахун душмандарга карай ок жаадырып, кыркка жакынын кырган. Огу түгөнүп, бригадасындагылар да курман болот. Вонахун фашисттерди жакындатып, андан соң 120 миллиметрлик минаны колдонуп, куралы менен 10го чукул душманды жана өзүн кошо жардырат…
1943-жылы 8-сентябрда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен көзү өткөн соң сержант Вонахун Манзуска Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, Алтын Жылдыз медалы жана Ленин ордени ыйгарылат. Сержант курман болгон жерге баатырдын урматына мемориалдык такта орнотулган.
Кыргызстанда Манзустун бюсту Милянфан айылына орнотулуп, үй-музейи уюштурулуп, мектепке жана Кант шаарынын көчөлөрүнүн бирине аты коюлган. 2005-жылы Советтер Союзунун Баатыры Вонахун Манзустун ысымы Чүй облусунун аймагындагы "Кант" чек ара заставасына ыйгарылган.
Вонахун Манзус деген ат Москвадагы Поклонная дөңсөөсүндөгү жана Орлов шаарындагы аскердик-тарых музейиндеги мемориалдык тактага түшүрүлгөн.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.