Радио

Кыргыз премьер-лигасындагы ар бир клуб футболдук базасын курат

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков учурда мамлекеттин колдоосу менен өлкөнүн аймактарында стадиондор реконструкциядан өтүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргыз премьер-лигасындагы (КПЛ) ар бир клуб футболдук базасын курууда. Бул тууралуу Медербек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, футболдук базанын негизинде клубдар академия куруп, 6 жаштан баштап балдарды окутуп, тарбиялайт.

"Былтыр президент Садыр Жапаров "202-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Бул 10 жылдык өнүктүрүү программасында өлкөнүн ички чемпионатынын абалын, инфратүзүмдү жакшыртуу сыяктуу иштер каралган. Быйыл кыргыз премьер-лигасына жаңы төрт клуб кошулуп, алгачкы беттештерин өткөрүштү. Мындан ары КПЛде акыркы эки орунду алган командалар төмөнкү лигага түшүп, улуттук лигадагы мыкты эки команда жогору көтөрүлөт. Бул спорттук принцип атаандаштыкты күчөтүп, быйылкы чемпионат кызыктуу болот деп турабыз. Мындан тышкары, КПЛдеги ар бир клуб футболдук базасын курууда. Анын негизинде клубдар академия куруп, алты жаштан баштап балдарды окутуп, тарбиялайт. Учурда стадиондор реконструкциядан өтүп, баары даярдалып жатат", — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал улуттук курама команданы машыктыра турган Pro-лицензиясы бар адистерди даярдоо, кадрдык потенциалды жакшыртуу боюнча иштер күчөтүлөрүн кошумчалады.