БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск баракчасы аркылуу Украинадагы чырды чечүүнүн жолун атаганын РИА Новости жазды.
"Украинанын эң бай 10 адамына, айрыкча Монакодо хан сарайлары барларга санкция киргизүү керек. Чатак заматта токтойт. Маселени чечүүнүн жолу ушунда", — деп жазган ал.
Маск буга чейин украиналык аскерлер акча үчүн согушка жиберилип жаткандыгын, ал эми кармаштын өзү "ири коррупциялык схеманы" адалдоо болуп калганын айткан.