БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Соцтармак жана мессенджер аркылуу фейк маалыматтарды тараткандарды жазалоо каралууда. Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген.
Документте бүгүнкү күндө интернет мейкиндиги, социалдык тармактар маалыматтын негизги булагы болуп калганы айтылат. Бийликтин пикиринде, фейк аккаунттар коомчулукта терс маанай жаратуу, кайсы бир окуяда кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн ачылат.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске "Жалган маалыматтарды таратуу" беренесин кошуу сунушталууда. Кеп "коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузуу үчүн" фейк маалыматтарды тараткандарды жазалоо тууралуу болууда.
Жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу каралган. Милиция протоколдорду түзүп, сот ишти карамакчы.
Буга чейин интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып салуу мыйзамы күчүнө кирген. Анда дагы 20 миңден 65 миң сомго чейин жаза каралган.