10-мартка карата аба ырайы

10-март өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Айрым жерлерди туман каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 10…15, Талас өрөөнүндө 9…14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 11…16, Ысык-Көл жеринде 3…8, Нарын чөлкөмүндө 2…7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13…+15, Ош шаарында 14…16 градусту көрсөтөт.
Жаздын деми сезилет. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу