ХАМАС Газадагы элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 3 шарт койду

Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Палестиналык ХАМАС кыймылы Газа секторунда ок атууну токтотуу боюнча келишимдин экинчи этабында үч шарт койду. Бул тууралуу Al Jazeera басылмасы Хазем Касем кыймылынын өкүлүнө шилтеме берип жазды.
Буга чейин ХАМАС келишимдин экинчи этабынын башталышын жакшы өңүттө болгонун айткан.
“Биз сүйлөшүү үчүн үч шарт койдук — туткундарды алмашуу, сектордон израилдик аскерлерди толугу менен чыгарып кетүү жана агрессия кайрадан жанданбайт деген кепилдик”, — деген Касем.
Эскерте кетсек, 19-январдан тарта Газа секторунда Израиль менен ХАМАСтын ортосунда түзүлгөн элдешүү жана туткундарды алмашуу келишими 42 күнгө созулган.
Атышууну токтотуу келишими аяктаган соң, 2-мартта Израилдин бийлиги АКШ президентинин өкүлү Стивен Уиткофф убактылуу элдешүүнүн жаңы планын сунуштаганын билдирген. Анткени учурда ок атууну толук токтотуу үчүн Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы пикир келишпестикти жеңүү мүмкүн эместиги айтылган. Израилдин премьери Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Тель-Авив бул планга макул болсо, ал эми ХАМАС каршы экендигин маалымдаган.
2-мартта Израил Газа тилкесине гуманитардык жардамдын кирүүсүнө тыюу салганын жарыялап, анклавдагы элдешүү мөөнөтүн узартуу жана барымтада калгандарды бошотуу боюнча америкалык планды кабыл албай койгону үчүн ХАМАСка дагы кысым көрсөтөрүн айтып коркуткан.
Тель-Авив келишимдин биринчи этабын узартып, барымтадагылардын баарын бошотуп алууга кызыкдар, бирок ошол эле маалда согушту токтотуу боюнча кепилдик берген жок. ХАМАС болсо келишимдин экинчи этабына өтүп, аскердик аракеттерди толугу менен токтотуп, израилдик аскерлердин Газадан чыгарылып кетишин талап кылууда.
Араб өлкөлөрүнүн лигасы Египеттин Газаны реконструкциялоо боюнча планын колдоду