БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Дональд Трамп АКШнын президенти болот деп ойлогон эмес, ушул жерден жаңылган. Бул тууралуу Польшанын мурдагы өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий билдиргенин РИА Новости жазды.
"Шайлоодо ал башка талапкерди колдоп чыкканы баарына маалым болчу. Камала Харрис, ага чейин Жо Байден тарапта эле. Зеленский Дональд Трамп Ак үйдүн кожоюну болот деп ойлогон эмес. Ушул жерден адашып калды", — деген Моравецкий.
Ал реалдуу ойлонгон ар бир адам Украина АКШнын колдоосу жок көз карандысыз өлкө боло албасын билерин кошумчалаган.
"Бул — ачуу чындык", — деген ал.
Ушул аптада Батыш ЖМКлары АКШ Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтотконун жазып чыгып, Чалгын кызматынын директору Жон Рэтклифф кабарды тастыктаган. Ошол эле маалда Вашингтон өнөктөштөрүнүн чалгындоо маалыматтарын Киев менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө да бөгөт койгон. Мындан тышкары, АКШ Украинага аскердик жардамдын бардык түрүн токтотту.