Идентификациядан өтпөгөн малды сатууга тыюу салынды

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Идентификациядан өтпөгөн малды катталбаган чарбаларда багууга, көбөйтүүгө жана сатууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Маалыматта жаңы эрежелер "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азык-түлүктү идентификациялоо жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынганы айтылган.
Токтомго ылайык, өлкөдө мал кармаган чарбалар жана анда кармалган жаныбарлар каттоодон өтүүгө милдеттүү. Бул талап жапайы жаныбарларга тиешелүү эмес. Идентификациядан өтпөгөн жаныбарларды катталбаган чарбаларда багууга, көбөйтүүгө жана сатууга тыюу салынат.
Мындан тышкары, токтом менен жаныбардан алынган азык-түлүктү идентификациялоо жана көзөмөлдөө тартиби, идентификацияланган малдын Бирдиктүү реестрин жүргүзүү эрежелери бекитилди.
Аарыдан тарта техникага чейин. Айыл чарбасындагы каттоо өнөктүгү тууралуу маек