"Сосновка" жана "Арал" постторундагы чектөө алынып, жол бардык унааларга ачык

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. "Сосновка" жана "Арал" постторундагы чектөө алынып, жол ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Министрлик жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө бүгүн саат 10:15те алынганын кабарлады.
Белгилей кетсек, жүк ташуучу унааларга чектөө 6-мартта киргизилген. Ал эми кечээ, 7-мартта, саат 16:00дө Бишкек — Ош жолунун 127-чакырымындагы Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол жабылган. Көчкү тазалангандан кийин жүк ташыган унааларга чектөө алынган эмес.
Бишкекте унаа оңдоочу жай өрттөнүп, төрт унаа күйүп кетти