Ашык бир жыл окубайт. Министр 12 жылдык окуунун артыкчылыктарын тизмектеди

Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык окуу боюнча "Кабар" агенттигине маек берип, жаңы билим берүү системасы эмнеге зарыл экенин түшүндүрдү.
Анын айтымында, 12 класс дегенде балдардын окуу мөөнөтү бир жылга узарып жатат деп түшүнүү туура эмес. Министр учурда деле окуу жалпылап айтканда 12 жыл болуп, нөлүнчү класс, бала бакчаларда даярдоо курсу окутулуп жатканын жүйө келтирди. Эми ушул эле нөлүнчү класс деген биринчи класс болуп өзгөрмөкчү.
Саамалыктын артыкчылыгы:
окутуунун мазмуну өзгөрөт. Заман талабына жараша жаңы муундагы окуу китептери болот. Окуучуларга билим берүү методикасы өзгөрөт. Жаттама билимден пайдаланма билимге өтөбүз;
бүтүрүүчүлөр 2028-жылдан баштап дүйнөнүн кайсы өлкөсүнө барып ЖОЖдорго тапшырбасын, дароо эле биринчи курска кабыл алынышат;
кесипке эрте багыт берүүгө мүмкүнчүлүк болот. 12 жыл бою окубайм дегендер үчүн мурдагыдай эле кесиптик-техникалык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү калат;
мугалимдер жетиштүү эле болот. Окуу жылы башталгыча даярдап бүтөбүз;
ал эми окуу класстары болсо буга чейин деле көйгөй болуп келген жана болот. Буга өкмөт жардам беребиз деп жатат. Өкмөттөн колдоо болуп турса эле биз бул ишти этап-этабы менен аягына чейин ийгиликтүү ишке ашырабыз.
Эскерте кетсек, өлкөдө 2025-2026-окуу жылында 12 жылдык окуунун 1-этабы башталары айтылып, министрлик даярдык көрө баштаган. Анткен менен жаңы формат коомчулукта чоң талаш-тартыштын жаралышына себеп болду. Саамалыктын алкагында быйыл 2018 жана 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска барып, эки класстын окуучулары секире турганы айтылган.
Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, нааразычылыктар жаңырган. УКМК төрагасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев 12 жылдык окуу системасына каршы экенин айткан. Кийин Ташиев бул маселе боюнча президенттин катышуусунда жыйын өтүп, анда реформаны этаптарга бөлүп дыкат ишке ашыруу чечими кабыл алынганы белгиленген.
Андан кийин Билим берүү министрлиги мектептерде 12 жылдык билим берүүнү этап менен киргизүү уланарын кабарлаган.
12 жылдык окуу: 1-классты окутууда басым билимге эмес, социалдашууга жасалат