БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын тургундарынан кечирим сурады. Ал УТРКнын облустук бөлүмүнө маек берген.
Андан Достуктан көчө тургандарга мурда айтылгандай беш сотыхтан эмес, 30 сотыхтан жер берилери белгилүү болду.
Шаменов эл менен сүйлөшкөндөн кийин Достук айылынын тургундарына эми 10 сотых жерге үй салынарын, 10 сотых жер келечекте үй салууга жана Кызыл-Бел айылынан 10 сотых жер айыл чарба багытына берилерин билдирди.
"Эл менен жолукканда чынында эмоцияга алдырып коюпмун, кечирим сурайбыз. Жалпы Достук айылынын элинен", — деген облус башчысы.
Буга чейин Шаменов Достук айылынын тургундарына ороңдогон видеосу чыккандан кийин коомчулукта нааразычылык жаралып, жоругу үчүн президент Садыр Жапаровдон эскертүү алган.
Аталган айыл кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча макулдашууга ылайык, тажик тарапка өтө турганы айтылган.