Радио

Батырбеков: баланы өз алдынча болууга үйрөтүүнү эрте баштоо керек

40 жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар Дүйшөн Батырбеков баланы өз алдынча болууга үйрөтүүнүн натыйжалуу ыкмаларын айтып берди.
Sputnik
Баланы өз алдынча болууга үйрөтүү болушунча эрте башталганы дурус. Өз алдынча басып, тили чыгып калгандан тарта тарбия берүү натыйжалуу болот. Мындай пикирин Дүйшөн Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланы тарбиялоодо ата-эненин пикири бир багытта болушу керек.

"Баланы өз алдынчалыкка жөнөкөй ыкмалар менен тарбиялаганыбыз оң. Ал басып, тили чыгып калганда өзүнүн кийимин жана бут кийимин туура кийүүнү, оюнчугун ордуна коюуну, эртең менен турганда бети-колун жууп, үйгө конок келгенде алар менен баарлашканды үйрөтүү маанилүү. Бул аракеттер тарбиялоонун негизги өзөгү болгондуктан баланын коомдо өзүн эркин сезүүсүнө көмөктөшөт. Эгерде айткандарыбызды аткарбай катачылык кылса, аны бала менен бирге талкуулап, туура жолду көрсөтүү керек. Биз, тескерисинче, бала чоңоюп, терс адаттары калыптанып калганда өзгөртүү менен убара болуп жатабыз. Кичинекей кезинде ойноп жаткандагы басканына, турганына, сүйлөгөнүнө көңүл бурбайбыз. Качан 7-8 жашка чыкканда калыптанып калган адаттарын оңдоого аракет кылып кыйналабыз. Эң эффективдүү жолу — үйдө ата-энеси, бир туугандары, бала бакчада тарбиячысы, ал эми мектепте мугалими үлгү болушу зарыл. Анткени бала өзүнөн чоң кишилердин сүйлөгөнүн, кыймыл-аракетин туурап чоңоет. Бала байкабайт, элес албайт дебешибиз керек" , — деди Батырбеков.

Ал ошондой эле баланы өз алдынчалыкка үйрөтүү эрезеге жеткенде жоопкерчиликтүү, ийкемдүү жана өзүнө ишенген адам болоруна жардам берерин кошумчалады.