БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитети өлкөдөгү аялдардын жашоосу тууралуу бир катар кызыктуу фактыларды даярдаган.
Статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда 5 эсе көп убакыт коротушат. Орто эсеп менен шаардагы аялдар буга күнүнө 4 саат 20 мүнөт, айыл жериндегилер дээрлик 5,5 саатын жумшайт.
Активдүү эс алууга бир топ аз убакыт калтырышат. Жумасына орто эсеп менен 1 саат 24 мүнөт гана бөлүшөт.
Мындан башка да кызыктуу фактылар:
айлык акысы эркектердикине салыштырмалуу 31 пайызга аз;
студенттердин 53 пайызы аял кишилер;
Кыргызстандагы кыз-келиндер биринчи баласын 23-24 жашында төрөп, орточо үч балалуу болушат;
биринчи турмушун 24 жашында курса, экинчи никеге 35 жашында турушат.