БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын жаңжалды токтотуу ниетин көрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Украинаны сүйлөшүүдө абалды өз пайдасына чече турган "көзүрү" жок. Трамп Россияга караганда Украина менен сүйлөшүү алда канча оор болуп жатканын айткан.
"Абалды жөнгө салууну каалашпаса, анда биз ал жактан кетебиз", — деди өлкө башчы.
АКШ президентинин Ак үйдөн жасаган билдирүүсүнүн урунттуу учурлары:
Трамп Владимир Путиндин жаңжалды токтотом деген ниетине ишенет. Путин муну баштагысы келген эмес;
АКШнын Украинага жардам берери анын тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр болор-болбосунан көз каранды;
Трамп Россия АКШнын Украинага курал-жарак жана чалгындоо маалыматтарын берүүдөгү тыныгуусунан пайдаланып жатабы деген суроого "жок" деп жооп берди;
Трамп ансыз Европа өлкөлөрү Украинадагы жаңжалды кантип токтоторун билбей тургандыгын айтты.