БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Социалдык мекемелерде жашагандардын фото, видеосун уруксатсыз таратууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго 27-февралда Адылбек Касымалиев кол койгон.
Министрлер кабинети үйдөгү социалдык тейлөө жана социалдык стационардык мекемелерге байланыштуу бир катар токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди.
Алар ылайык, аймактык бөлүмдөр социалдык тейлөөгө муктаж 60тан кем эмес адам (бийик тоолуу жана алыскы аймактарда 30дан кем эмес) болгон учурда социалдык коргоо бөлүмүн түзө алат. Ошондой эле социалдык кызматкерлердин айлык акысы республикалык же жергиликтүү бюджеттен каралат.
Мындан тышкары, социалдык мекемелерде жашаган адамдардын купуя маалыматтары корголот. Аларды фото жана видеого тартуу, маалыматтарды социалдык тармактарда же жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого алардын же камкорчусунун макулдугусуз тыюу салынат.
Белгилүү жашаган жери жок жарандар документсиз болсо жергиликтүү бийликтин юридикалык дареги боюнча каттоого алынып, тиешелүү мекемелерге жайгаштырылат. Документ алуу боюнча чыгымдарды жергиликтүү бийлик көтөрөт.