9-мартка карата аба ырайы

9-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республиканын аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +7…+12, Талас жергесинде +5…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9…+14, Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +4…+9 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.
"Сосновка" жана "Арал" постторундагы чектөө алынып, жол бардык унааларга ачык