БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Киев Владимир Зеленскийдин АКШ президенти Дональд Трамп менен кайым айтышуусу үчүн кечирим сурабайт. Бул тууралуу Зеленскийдин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Point басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
Баарлашып жаткан кабарчы Зеленскийдин Ак үйдөгү жоругун сынга алынып жатканын эске салган.
"Ал (Зеленский — ред.) өзөгүндө туура айтты, америкалык өнөктөштөрүбүзгө эң маанилүү нерсени — Россияга кысым көрсөтпөсө эч нерсе жасалбай турганын жеткирүүгө аракет кылды. Москва өз ыктыяры менен айтканынан баш тартат деп күтүүгө болбойт, мындан майнап чыкпайт. Демек, кетирбеген кемчилик үчүн биз кечирим сурабайбыз", — деди Подоляк.
Эскерте кетсек, 28-февраль күнү сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууга кол коюу үчүн Вашингтонго барып, бирок АКШ президенти Дональд Трамп менен айтыша кеткен. Америкалык лидер ок атууну токтотуп, Россия президенти Владимир Путинди ыксыз сындай бербөөгө чакырган. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс эпке келбеген Зеленский актанып, Россияны айыптап, АКШны коркута баштаганда аны нысапсыз үгүтчү деп атаган. Украина делегациясы Ак үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп, келишимге кол коюлбай калган.
АКШ тарап Зеленскийдин кечирим суроосун талап кылган болчу. Киев режиминин жетекчиси Ак үйдөгү окуяга өкүнүп жатканын билдиргени менен кечирим сураган эмес.