БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Маркетплейстен товар алгандар жакпаса кайра кайтара алат. Бул тууралуу ЕЭК иштеп чыккан макулдашуунун долбоорунда айтылган.
ЕАЭБдеги электрондук соода боюнча макулдашууда товарды артка кайтаруу мөөнөтүнө басым жасалган. Учурда кардар товарды 14 күндүн ичинде артка кайтарып берсе болот.
"Биримдикке мүчө өлкөлөр кардар сапатсыз товардан баш тартканда кайтарып бере турган мөөнөттү узартып кое алат", — деп айтылат долбоордо.
Кайтаруунун шартын, мөөнөтүн ЕЭК кеңеши аныктай турганы белгиленген.