БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Аксы, Кара-Кулжа райондорунун акимдерин алмаштырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков кызматынан бошотулуп, анын ордуна Максатбек Саргазаков дайындалды.
Ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев иштен алынып, Аксыдан бошогон Замирбек Сыдыков ээледи.