Россияга коюлган санкциялар Евразия мамлекеттери менен алака-катышты бекемдеди. Аталган аймак менен РФтин учурдагы кызматташуусу, келечеги туурасындагы пикири менен "Валдай" клубунун илимий иштер боюнча директору Федор Лукьянов бөлүштү.
Ал 2022-жылы коюлган Батыштын санкциялары Россиянын Борбор Азия мамлекеттери менен алакасын бекемдөөгө өзүнүн оң таасирин тийгизгенин айтты. РФ коңшу мамлекеттери менен бирдикте изоляция жаатындагы маселелерин чечип алгандыгын белгиледи.
"Алар ар кыл ыкмалар менен бекемделди. Бир катарлары сырттан караганда байкалбаганы менен ичинен жакшы өнүктү", — деген маектеш.
Эксперт, мындан сырткары, миграция, демография маселесине токтолуп, ал кылдат жана ар тараптуу мамилени талап кыларын айтты. Бул дайыма тиешелүү тараптардын көз кырында турарын, себеби экономикалык да, социалдык да, маданий да маселелерди өзүнө камтый турганын белгиледи.
"Бүгүнкү Евразия — Батыштын өлкөлөрү кирбеген, ар тараптуу болгон дүйнөлүк коомчулук. Бирок аларды өзүнүн кызыкчылыгында жашоо, башкалар менен араздашпай өнүгүү кызыктырат", — деп Лукьянов сөзүн жыйынтыктаган.
Тема боюнча: