ММА Азия оюндарынын программасына расмий кирди. Шарты

Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Аралаш мушташ (ММА) 2026-жылы өтө турган Азия оюндарынын программасына расмий кирди. Бул тууралуу Азиянын Олимпиада кеңеши билдирди.
Жыйырманчы ирет болчу жайкы оюндар 2026-жылы Япониянын Аичи жана Нагое шаарларында 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт.
ММА боюнча мелдеш заманбап жана салттуу болуп эки стлилде уюштурулат. Салттуу түрүндө спортчулар атайын жилет жана кыска шым кийип чыкса, заманбабында рашгард менен кыска шымчан болот. Спорттун бул түрү боюнча медалдын алты комплекти ойнотулмакчы.
Заманбап стиль:
эркектер — 60 килограммга чейин жана 70 килограмм;
аялдар — 54 килограммга чейин.
Салттуу стиль:
эркектер — 65 килограммга чейин жана 77 килограмм;
аялдар — 60 килограммга чейин.
Буга чейин аралаш мушташ Азия оюндарынын программасына кирген эмес.
"Абдыш-Ата" футболдук клубу Суперкубокту жеңип, 30 миң доллар байге алды