БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Киев тынчтыкка умтулганын далилдей алса, АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага коргонуу жагынан жардам берүүнү улантуу чечимин кабыл алат. Бул туурасында Пентагонун башчысы Пит Хегсеттин айтканын РИА Новости жазды.
"Президент билдиргендей, ал нерсе (жардам — ред.) токтоп турат. Ал башынан эле тыныгуу (Украинанын) тынчтыкка чындап багыт алганын күтө туруу үчүн жасалганын айткан",— деген Хегсет журналисттерге.
Аткаминер АКШ Киевдин билдирүүлөрүнө байкоо салып турганын, азырынча "көңүл кубантчу" эч нерсе деле жок экендин белгилеген.
"Аягы келип эле аны президент аныктайт, бирок азырынча тыныгууда", — деп кошумчалаган Пентагон башчысы.
Буга чейин аталган ведомстводон АКШнын Украинага берген бардык аскердик жардамы 6-марттан тарта токтотула турарын айтышкан. Пентагон өкүлү курал-жарактарды жиберүүнү убактылуу токтотуу жолдо жеткирилип бараткан жүккө да тиешелүү экендигин белгилеген.
Ал эми Польшанын премьер-министри Дональд Туск Киевге Американын курал-жарагын жана гуманитардык жардамдарын жөнөткөн башкы хаб — өлкөдөгү Жешув аэропорту бул багытта иштебей турганын билдирген эле.