Кинодогудай. Алматыда кызга бычак такаган кишини куралсыздандырган видео

Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Алматы аэропортунда жүргүнчү кызматкерди чачтан алып, бычак такап коркуткан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн 11.45те болгон.
"Авиациялык коопсуздукту текшерүү кызматкерлери кишиден документтерин көрсөтүүнү сураганда ал жерде иштеген кызды чачтан алып, бычак такай калган", — деп айтылат маалыматта.
Ал арада интернетте бычакчан кишини куралсыздандырган видео дагы тарады. Киши алгач барымтага алынган аялдын ордуна өзүн сунуштап, андан кийин бычакты шак жулуп алган. Видеодон полиция кишини тобу менен басып калганын көрүүгө болот.
Казакстан президенти 52 жаштагы баатырга сыйлык берүүнү тапшырган. Ал аэропортко туугандарын узатууга баргандыгы айтылды.
Кызды кафеден алып чыгып, талаадан зордукташкан. Беш киши камакка алынды