Радио

Маматов: 1-майдан тартып электр энергиясынын баасы 26 тыйынга жогорулайт

Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин тариф жана бааны жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Замирбек Маматов
Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин тариф жана бааны жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Замирбек Маматов электр энергиясына болгон тариф саясаты тууралуу айтып берди.
Sputnik
Мурда керектөөчүлөрдүн саны 14 топту түзсө, 2025-2030-жылдарга негизделген жаңы тарифтик саясатта алардын санын оптималдаштыруу максатында 7ге чейин кыскарды. Бул тууралуу Замирбек Маматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, энергетика тармагында каржылык тартыштык 2024-жылы 8,1 миллиард сом чыгымды түздү.

"Учурда биз колдонуп жаткан тарифтик саясат 2021-жылы министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген. Бул тарифтик саясат 2021-2025-жылдар аралыгында иштээри каралган. Учурда жүргүзүп жаткан орто мөөнөттүк тарифтик саясаттын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу министрлер кабинетинин токтому иштелип чыгып, жаңы тарифтик саясатты коомдук талкууга чыгардык. Негизи калк үчүн берилген тарифтер социалдык багытта жүрөт. Ал өзүнүн реалдуу наркынан бир топ төмөн дегенди билдирет. Мисалы, учурда калк үчүн колдонулган тариф 1, 11 сом болсо, ал өздүк наркынын 59,2 пайызын гана түзүп жатат. Ал эми өздүк наркы 2 сом 72 тыйын экенин айтып келе жатабыз. Ушундан улам биздин тармактын каржылык тартыштыгы 2024-жылы 8,1 миллиард сомду түзүп жатат. 2025-2030-жылдарга негизделген жаңы тарифтик саясатта керектөөчүлөрдүн саны 14 топту түзсө, учурда алардын санын оптималдаштыруу максатында 7ге чейин кыскарттык. Жаңы тарифтик саясатта калк үчүн колдонулуп келе жаткан тариф тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин 1-майдан баштап 26 тыйынга өсүшү күтүлүүдө. Калк керектөөсүндө 700 киловатт-саатка чейинки тариф 1 сом 37 тыйынды түзөт. Ал эми социалдык-коомдук керектөөчүлөр үчүн буга чейин 2,12 сом болсо, 1-майдан тартып 2 сом 62 тыйын, ошондой эле өнөр жай үчүн 3,18 сом болсо, 3 сом 34 тыйын болору, энергияны көп талап кылган керектөөчүлөр учурда 5,58 тыйын төлөсө, өзгөртүүлөрдөн кийин наркы 6 сом 06 тыйын болору күтүлүүдө. Бюджеттик жана коммерциялык керектөөчүлөр учурда киловатт-саатына 3,77 сомдон төлөм жүргүзүшөт. Өзгөртүүлөр кирген соң коммерциялык керектөөчүлөр 19 тыйынга, ал эми бюджеттик керектөөчүлөр 32 тыйынга көп төлөп калат. 2024-жылдын жыйынтыгы менен жалпы энергетика тармагындагы оңдоо иштери, эксплуатациялоо, эмгек акы жана башка сарптоолордун баарынын чыгымдары 40 миллиард сомду түзгөн. Ал эми электр энергиясын сатуудан түшкөн каражат 31,9 миллиард сом болууда. Ортодо айырма 8,1 миллиард сомду түздү. Керектөөчүлөрдүн саны республика боюнча 1 миллион 585 миң абонент болсо, анын 1 миллион 473 миңдейи жалпы калк болуп саналат. Ал эми 112 миңи — бул тиричилик тобуна кирбеген керектөөчүлөр", — деди Маматов.

Ал энергетика тармагындагы чыгаша менен кирешенин айырмасы чоң болуп жатканын кошумчалады.