БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Өлкөгө мыйзамсыз алып келинген унааларды 15-марттан 15-сентябрга чейин легалдаштыруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Бийлик айдоочулардын митингине карабай мыйзамдаштыруунун баасын 100 миң сомдон түшүргөн эмес.
"Сумма Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылып, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын бекитилүүчү бажылык алымдардын орточо наркын жана тарифтик торчону эсепке алуу менен белгиленди", — деп жазылган анын негиздемесинде.
Эске салсак, легалдаштыруу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген унааларга тиешелүү.