АКШ менен Украина ок атуунун токтотулушун кийинки жумада Эр-Риядда талкуулайт

Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. АКШ менен Украина Сауд Арабиясында ок атууну токтотуу боюнча маселени талкуулай турганын РИА Новости агенттигине америкалык лидердин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф билдирди.
Жолугушуу кийинки жумага пландалууда.
"Ушу тапта украиналыктар менен Эр-Риядда же Жиддада жолугушуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатабыз. Шаар алмашышы мүмкүн, бирок Сауд Арабиясы экени анык. Максаты тынчтык келишиминин жана ок атуунун токтотулушунун негизин даярдоо болушу керек", — деди Уиткофф.
Буга чейин Axios порталы өз маалымат булактарына таянып Уиткофф жана Вашингтон менен Киевдин башка жогорку кызматтагы адамдары Сауд Арабиясында 12-мартта ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүү үчүн жолугарын жазган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон башчысы Киевге берилчү жардам канткенде жанданарын айтты