Ишеним телефонуна ата-энесинен колдоо же ишеним таба албаган балдар көп кабарлашат

Sputnik
Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу 111 «Балдардын ишенимдүү телефону» борборуна балдар жана ата-энелер ар кандай маселелер менен кайрылып, психологиялык жана башка жардамдарды алышат. Тилекке каршы 111 номери тууралуу билбегендер да көп. Психологдун айтымында, ата-энеси аны түшүнбөй жатканын айтып даттанган өспүрүмдөр да көп. Ошондой эле суициддик абалга жетип калган балдар да байланышып, психологдон жардам алышат. 2024-жылы ишеним номерине 57 миң балдар жана чоңдор байланышкан.