Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф саясатын жөнгө салуу максатында 2025-2030-жылдар аралыгындагы атайын программа иштелип чыккан. Учурда орто мөөнөттүк тарифтик саясаты коомдук талкууга чыкты. Ушул аралыкта министрлик электр энергиясынын өздүк наркына жетүүнү пландап жатканын Замирбек Маматов билдирди. Азыр калк электр энергиясынын киловатт-саатына 1,11 сомдон төлөп жатат. Ушул жылы 1,37 сомго көтөрүү пландалууда. Маектин жүрүшүндө тариф саясаты, электр энергиясын импорттоо жана энергетикалык жабдыктардын абалы, бул жаатта жасалуучу иштер тууралуу баарлашып, суроолорубузга жоопторду алдык.