Көөнө тарых сырлары. Археологиялык изилдөөчүлөргө, илимпоздорго көңүл бурулган эмес

Sputnik
“Көөнө тарых сырлары” программасы маданият министрлиги тарабынан ишке ашкан. Ал 2023-2027-жылдарга “Коно тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казуу иштерин жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун биринчи жылынын жыйынтыгын чыгаруу болуп эсептелинет. Бул алгачкы программа экенин Айжан Самыйбекова билдирди. Быйыл тарых, археология жаатына 583 миллион сом бөлүндү. Археологиялык казуу жаатында көп иштер жасалышы керек. Археологиялык табылгаларды сактап калуу көп шарттарды талап кылат. Бул жаатта табылган, изилденген археологиялык табылгаларды сактоо шартын жакшыртып, кийинки муундарга берүүнү жакшыртуу керектигин Темирлан Чаргынов белгиледи. Айдай Сулайманованын айтымында, эгемендик алгандан бери археология иштерине, илимий изилдөөлөргө жетишерлик көңүл бөлүнгөн жок.