ЕАЭБде органикалык продукция боюнча бирдиктүү талаптар даярдалууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. ЕАЭБде органикалык продукция боюнча бирдиктүү талаптар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эл аралык кызматташтык жана экспорт башкармалыгынын экпорт жана интеграция боюнча бөлүмүнүн башчысы Назгүл Каарбаева билдирди.
Анын айтымында, экологиялык таза продукция боюнча тиешелүү келишим өлкө ичиндеги макулдашуулардан өтүп, экинчи баскычта каралууда.
"Документте органикалык продукцияны өндүрүү, маркалоо боюнча бирдиктүү талаптар каралган", — деди Каарбаева.
ЕЭК чечимин аткарбаган мамлекеттик органдар кандай жазаланары айтылды