БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. ФСБ Украина аскер чалгынчыларынын окуучуларды жеке маалыматтарын алып азгыруу аракетин таш каптырды. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Украинанын атайын кызматы жаштарды аскердик мекенчилдикке тарбиялоочу "Авангард" борбору менен "Юнармия" кыймылынын каттарындагы даректерди көчүрүп алууга жетишкен. Файлдарды өзгөртүп, Москва калаасындагы жана Москва облусундагы билим берүү жайларына балдарды Россияга каршы иш алып барууга азгыруу үчүн каттарды жапырт жөнөткөн.
Аймактын билим берүү жайлары бул фактыдан кийин даярдалып жаткан чагым туурасында органдарга маалымдаган.
Федералдык кызматтан тиешелүү бөлүмдөрүнүн көргөн ыкчам чараларынан кийин Украина тараптын операциясынын кесепети жок кылынганын билдиришти.
"Москва шаарындагы жана Москва облусундагы билим берүү жайларына украин атайын кызматынын чагымчыл иштери туурасында маалымат берилди ", — деп кабарлашкан ведомстводон.