Трамп бир шарт аткарылбаса НАТОдогу өнөктөшүн коргоодон баш тартышы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп НАТОдогу өнөктөш өлкө коргонууга сарптала турган чыгымдар боюнча милдеттерин толук аткарбаса, аны коргоодон баш тартышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу NBC басылмасына таянып РИА Новости.
Трамп өлкөнүн НАТОго катышуусуна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатканын америкалык аткаминерлер билдиришкен.
Ошондой эле Трамп милдеттерин так аткарган өнөктөш өлкөлөр менен НАТО машыгууларын өткөрүүнү карап жатканы кошумчаланды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: тирешүүнү токтотуп, эки тарап менен сүйлөшүүгө мезгил келди