Токмокто мамлекетке 8,5 млн. зыян келтирди делип үч салыкчы жана ишкер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Токмокто үч салыкчы жана бир ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда.
"Токмок шаарындагы салыкчылар жеке ишкер менен сүйлөшүп, отчетторду бурмалашкан. Натыйжада бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
3-мартта Салык кызматынын Токмок боюнча мурдагы башчысы Н.М.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.З. жана жеке ишкер М.Р.С. камалганы кошумчаланды.
Премиум-класстагы унаалар, батирлер. УКМК мүлк конфискацияланганын айтты