БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. АКШнын Украинага берген бардык аскердик жардамдары Москва сааты боюнча 02:00дөн (6-март — ред.) тарта токтотулуп турат. Бул туурасында РИА Новостиге Пентагондон айтышкан.
"Дүйшөмбү күнү кечки алтыдан тарта (Москва сааты менен алганда 02.00) АКШнын Коргоо министрлигине Украинага берилип жаткан бардык аскердик жардамдарды токтото туруу буйругу берилди", — деп агенттикке билдирген Пентагондун өкүлү.
Ал курал-жарактарды жиберүүнү убактылуу токтотуу жолдо жеткирилип бараткан жүккө да тиешелүү экендигин белгилеген. Анткен менен Пентагондон Киевге Чалгын кызматынын маалыматтары берилбей калганы боюнча айтуудан баш тартышкан.
Буга чейин Sky News телеканалы бул иштен кабары бар Украинадагы аткаминерлерге таянып АКШ Киевге Чалгын кызматынын маалыматтарын бербей калганын билдирген. Шаршемби күнү ЦРУнун директору Жон Рэтклифф бул кабарды тастыктаган.
Эске салсак, Daily Mail басылмасы Ак үй Киевге аскердик жардам берүүсүн токтоткондо америкалык чалгынчылардын маалыматтарын Украинага бербеш керектигин Улуу Британияга эскерткенин жазган. Ал эми шейшемби күнү Fox News Ак үйдүн жогорку кызматтагы аткаминерине шилтеме кылып, Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү чечмейинче АКШнын президенти аскердик жардамдын бардыгын токтотуп жатканын кабарлаган.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск Киевге Американын курал-жарагын жана гуманитардык жардамдарын жөнөткөн башкы хаб — өлкөдөгү Жешув аэропорту ишин токтоткондугун билдирген.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 28-февралында сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууга кол коюу үчүн Вашингтонго барган Владимир Зеленский Дональд Трамп менен уруша кеткен. Натыйжада келишимге кол кол коюлбай, Киев режиминин жетекчиси сапарынын аягына чыкпай Ак үйдөн куру кол кетүүгө аргасыз болгон. Зеленскийдин орунсуз дооматтарына нааразы болуп, АКШ тарап анын кечирим суроосун талап кылып аскердик жардамдын бардык түрүн токтоткон.
Кремлден Киев режиминин башчысынын Ак үйдөгү жасагандары РФ президенти Владимир Путиндин сөзүнүн тууралыгын далилдегенин, тагыраагы, Москванын жаңжалдашууну жөнгө салууга ачыктыгы Киевдин каршылыгына такалып калып жатканын айтты.