Транспорт министрлиги каршы тилкелердин ортосун парапеттер бөлүп турарын айткан. Оңдоо иштери үчүн бюджеттен 574,4 миллион сом бөлүндү. Подрядчы жол курулушун 18 айда бүтүрүшү керек.
Аталган жол Бишкек менен Түндүк айланма жолун байланыштырган "артерия" болуп саналат. Акыркы учурда чоң жол тыгындары жаралып, элди түйшүккө салып келгени маалым.
Буга чейин президент Садыр Жапаров жазында Бишкек — Кант жана Түндүк айланма жолун оңдоп-түзөө иштери башталарын айткан болчу.
Тема боюнча: