БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Транспорт министрлигинде 567 миллион сомдук товарлар жоголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон.
"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жооптуу болгон мобилизациялык резервден 567 миллион сомдук товардын дайыны жок болуп чыккан", — деп айтылат маалыматта.