Черчиллдин дүйнөнү экиге бөлгөн сөзү. Тарыхый видео

1946-жылы 5-мартта Уинстон Черчилль Фултондо дүйнөнү экиге бөлгөн сөз сүйлөгөн.
Sputnik
Американын бул калаасында Черчилль СССР менен коммунизмди токтотууда Улуу Британия жана АКШ өтө жоопкер экенин белгилеген. Ага чейин Фултон Миссури штатында психиатриялык ооруканасы менен белгилүү эле. Британиялык саясатчы сүйлөп жатканда электр кубаты да чыңалууну көтөрө албай, Черчилль кайрылуусун караңгы имаратта жасаган.
Көп өтпөй, тагыраагы, 14-мартта СССРдин ошол кездеги лидери Иосиф Сталин "Правда" басылмасына берген маегинде Черчиллдин айткандарын "кооптуу кадам" деп атаган.
"Гитлер немисче сүйлөгөндөр гана "бүтүн улут" деп, андан соң согуш баштады. Ал эми Черчилль англис тилинде сүйлөгөндөр гана дүйнө тагдырын чече алат деп жар салды", — деген Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы.