Катышпагандар жазаланат. Борбор калаада эки айлык ишембилик жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Борбор калаада көрктөндүрүү, тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Муниципалитет 15-марттан 17-майга чейин менчигинин түрүнө карабастан уюм, мекеме, көп кабаттуу жана жеке үйлөрдүн жашоочуларын тазалоо, көрктөндүрүү иштерине катышууга чакырды.
"Атайын штаб түзүлүп, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилгени айтылган. Ал эми шаардык муниципалдык инспекция тазалоо иштерине көзөмөл жүргүзүп, ишембиликке катышпагандарга айып салынат", — деп жазылган маалыматта.
Бишкек мэриясы 296,6 млн. сомго үч көпүрө курууга тендер жарыялады